Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

А.Аскаров баштаган айыпталуучулардын жактоочулары сотко өтүнүч айтышты


Укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган айыпталуучулардын көзөмөл арызы боюнча Жогорку Сотто жүрүп жаткан соттук жараянда жактоочулар буга чейин Базар-Коргон районунда жана Жалал-Абад облусунда болгон соттук териштирүүлөрдө кетирилген кемчиликтерди оңдоо өтүнүчүн сотко айтышты. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, жактоочулар буга чейинки териштирүүлөрдө көрсөтмө бербей калган күбөлөрдү сотко катыштыруу, тергөө жана иликтөө иштери учурунда кетирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү сунуштарын айтышты. Өз кезегинде ишти карап жаткан Жогорку Соттун коллегиясына төрайымдык кылуучу Перизат Бабакирова алардын өтүнүчү эске алынарын билдирди. Ушул тапта соттук жараянга танапис жарыяланып, сот түштөн кийин улана турган болду.

Аскаров баштаган айыпталуучуларга июнь окуялары учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлуп жатат. Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган дооматтарды четке кагууда. Сентябрь айынын ортосунда Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап карап, 10-ноябрда Базар-Коргон райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. (KKs)

XS
SM
MD
LG