Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Токтогулда үйдөн чыккан өрт 4 адамдын өмүрүн алды


Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Таалайбек Сусунбаев кабарлады. Маалыматка ылайык, 26-январда таңкы саат бештер чамасында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө аталган райондун Котормо айылындагы Ж.Кубанычбек көчөсүнүн 27-үйүндө өрт чыкканы тууралуу кабар түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерди иликтөө учурунда 40 жаштагы үйдүн ээси Темирбек Уезбаев, анын 33 жаштагы аялы Мээрим Саткынбаева, 9 жаштагы Айгерим жана 2 жаштагы Карина аттуу кыздарынын үйдүн ичинде калып, күйүп кеткен жансыз денелери табылды. Ушул тапта окуя боюнча соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлүп, өрттүн себептери такталууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG