Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

27-январда жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 27-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр болсо, айрым аймактарда 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -11…-16, күндүз 2…7 градус жылуу болот. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1 градуска барабар, Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус, күндүз 5…7 градусту түзөөрү күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG