Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Орусияда парламент START келишимин жактырды


Стратегиялык куралдардын санын 30% кыскартууну шарттаган келишимге Орусия менен АКШнын президенттери былтыр апрелде кол коюшкан. Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы – Мамдума – келишимди кечээ жактырган. Бүгүн эми парламенттин жогорку палатасы - Федерация кеңеши - да аны ратификациялады. Эми ага президент Дмитрий Медведев кол коюшу керек.

АКШнын Сенаты документти өткөн айда жактырган. Бир апта ичинде эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү ратификацияланган документтер менен алмашкандан кийин, ал күчүнө кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG