Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Орусияда жардыруудан кийин айрым жетекчилер кызматтан алынды


Президент Дмитрий Медведев бүгүн Ички иштер министрлигинин транспорт департаментинин борбордук федералдык аймак боюнча жетекчиси Андрей Алексеевди кызматтан алды. Андан сырткары, өлкөдө ал аэропорттун милиция башчысы жана эки орун басары кызматтан алынды. Аларды дүйшөмбүдөгү жардыруунун алдын ала алышпаганы үчүн сындашты.

"Мен азыр эле Алексей Алсексеевдин кызматтан алуу үчүн буйрукка кол койдум, - деди президент. - Адамдар кантип иштешти билишпесе, алардын оордуна башкаларды коебуз”.

Бүгүн Орусияда дүйшөмбүдөгү жардыруунун курмандыктарына аза күтүү күнү. Эки күн мурда “Домодедоводо” жардыруу болуп, андан 35 адам набыт болгон. Өлгөндөрдүн арасындагы сегиз чет-өлкөлүк жарандын бири - кыргызстандык. 117 адам жаракат алган, ондогон адамдар оор абалда жатат.

XS
SM
MD
LG