Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Р. Отунбаева “Центерра Голддун” өкүлдөрүн кабыл алды


26-январда президент Роза Отунбаева “Центерра Голд Инк” эл аралык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Анда аталган компаниянын өкүлдөрү өткөн жылдагы ишинин негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти жана дүйнөлүк базарда алтын кымбаттап киреше көбөйгөнүн билдиришти.
Кирешенин бир бөлүгү “Кумтөр” жабык акционердик коомун өнүктүрүүгө жумшалаары айтылды. Президент Отунбаева өз кезегинде өлкөдө инвестицияга жагымдуу шарт түзүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу сөз кылды. Ал “Центерра Голддун” Кыргызстандагы дагы башка долбоорлорго катышуу боюнча сунуштарын карап көрүүгө даяр экенин да билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

25-январда “Кумтөр” алтын кени боюнча келишимди кайра карап чыгууну талап кылган демилгечи топ маалымат жыйын өткөргөн. Алар бул келишимдин шарттары өлкө үчүн пайдасыз экенин билдиришип, кайра карап чыгуу боюнча өкмөттөн жооп болбосо бул маселени элдик курултайга алып чыгышаарын эскертишкен. Учурда “Кумтөр Голд” компаниясында Кыргызстандын 33 пайыз гана үлүшү бар.

Мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдердин тушунда кыргыз оппозициясы "Кумтөр кенин иштетүү келишими Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлдү" деп мурдагы бийликтерди сынга алып келишкен. (EBM)

XS
SM
MD
LG