Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Эл аралык комиссиянын түштүктөгү адистик тобу ишин аяктады


Бүгүн (27-январда) Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абат облустарындагы былтыркы июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия түштүктөгү адистик (эксперттик) тобунун иши аяктаганына байланыштуу Бишкектеги Хаятт мейманканасында маалымат жыйын өткөрөт.
Эл аралык комиссия ишинин толук жыйынтыгын февраль айында жарыялай турганын билдирген. Иликтөө иштери былтыр октябрда башталган.
2010-жылкы июнь коогасын өз алдынча иликтеген Кыргызстандын улуттук комиссиясы бир нече апта мурда өз ишинин жыйынтыгын жарыялаган. Анда тополоңго айрым жергиликтүү өзбек тектүү лидерлер шыкакчы болгон деп белгиленип, Кыргызстанда 7-апрел ыңкылабынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кандуу окуялардын алдын алган эмес деген жыйынтык чыгарылган.
Мурдагы Убактылуу өкмөттүн күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилери бул доого макул эместигин билдиришти.
Түштүк окуялары боюнча өлкө парламенти да өзүнчө депутаттык комиссия түздү. (EBM)

XS
SM
MD
LG