Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Египетте нааразылык акцияларынын үчүнчү күнү башталды


Демонстранттардын чакан тобу бүгүн борбор Каирде жана Суец шаарында чогулушту. Алар отуз жылдан бери бийликте олтурган президент Хосни Мубаракка каршы чыгып жатышат. Бул аралыкта бүгүн Египетке белгилүү реформачыл ишмер, мурда БУУнун атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭни жетектеген Мохаммед эль-Барадейи келери күтүлүүдө. Аналитиктердин пикиринде, анын келиши буга чейин лидерсиз өтүп жаткан нааразылык акцияларын күчөтүшү мүмкүн.

Вашингтондон АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Египет өкмөтүн бийликке каршы чыккан демонстранттарды баспастан, кеңири реформаларга барууга чакырды:

-Биздин ишенимибизде, азыр Египеттин өкмөтүндө египет элинин мыйзамдуу муктаждыктарына жана кызыкчылыктарына жооп берген саясий, социалдык –экономикалык рефораларды жүргүзүү боюнча жакшы мүмкүнчүлүгү бар.

АКШ мамкатчысы алар египеттиктердин ой-пикир билдирүү жана жыйналуу эркиндигин колдоорун кошумчалап, тараптарды сабырдуулукка үндөдү.

Мунун алдында кечээ Каирде полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, желим окторду колдонду. Демонстранттар полицияга таш ыргытып, дөңгөлөктүрдү өрттөштү.

Суец шаарында көчөгө чыккандар өкмөттүк имаратка өрт коюшкан. Эки күнкү тополоңдордон кеминде төрт киши каза тапты. Полиция 860тай адамды камакка алган. Нааразылык ациясын уюштурууда чечүүчү роль ойногон Twitter, Facebook сайттарынын, уюлдук байланыштын иши үзгүлтүккө учурады.

XS
SM
MD
LG