Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Азимжан Аскаровдун соту 8-февралга жылды


Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүнкү соттук отурумда жабырлануучулар көрсөтмө беришип, буга чейинки Базар-Коргон райондук жана Жалал-Абад облустук соттордун чечимдерин күчүндө калтырууну өтүнүштү. Өз кезегинде жактоочулар башка соттук процесстери бар экендигин айтышып, бул соттук териштирүүнү 8-февралга жылдырууну өтүнүштү. Сот алардын өтүнүчүн канааттандырып, бул мөөнөткө чейин жактоочулардын 26-январда билдирген өтүнүчтөрү менен тааныша тургандыгын билдирди. Кечээки соттук отурумда жактоочулар буга чейинки териштирүүлөрдө көрсөтмө бербей калган күбөлөрдү сотко катыштыруу, тергөө жана иликтөө иштери учурунда кетирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү сунуштарын айтышкан болчу.

Аскаров баштаган айыпталуучуларга июнь окуялары учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлуп жатат. Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган дооматтарды четке кагууда. Сентябрь айынын ортосунда Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап карап, 10-ноябрда Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. (KKs)

XS
SM
MD
LG