Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

Президент ант берген өкмөт мүчөлөрүн куттуктады


Бүгүн мамлекет башчы Роза Отунбаева Жогорку Кеңеште ант берген өкмөт башчы жана өкмөт мүчөлөрүн куттуктап, министрлер жана тармактардын жетекчилерин элдин ишенимин актап, мыйзам чегинде иштөөгө чакырды. Мындан сырткары ушул тапта Кыргызстандагы бардык бийлик бутактары легитимдүү жана шайлоочулар алдында жоопкерчиликтүү экендигин белгиледи.

Өткөн жылдын 16-декабрында “Республика” фракциясы “Ата-Журт” жана КСДП менен коалиция курап, 18 министрден жана үч вице премьер-министрден турган өкмөттү түзүшкөн. Бүгүн Жогорку Кеңеште бул коалициялык өкмөттүн мүчөлөрү ант беришти. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG