Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Ысык-Көлдө 13 килограмм маңзат кармалды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Ысык-Көл районундагы Бостери айылынын бир тургуну 13 килограмм кургатылган марихуана менен кармалды. Маалыматка ылайык, кармалган адам мынча көлөмдөгү баңги затын айылдын айланасындагы талаадан өзү терип чогултканын, аны өзү үчүн колдонууну көздөгөнүн билдирген. Марихуананын ээси буга чейин соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп саналат. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG