Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Кыргызстан “Азиадага” катышуу үчүн 3 млн. сом сарптайт


Бул туурасында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмазбек Касенов “Кабар” маалымат агенттигинде берген маалымат жыйынында билдирди. Бул каражаттын ичинен оюндарга катыша турган спортчуларды жабдыктар менен камсыз кылуу үчүн бир жарым миллион сом жумшалса, калганы уюштуруу иштерине сарпталат. Кыргызстандыктар бул оюндарда спорттун беш түрү боюнча күч сынашат. Казакстандын Астана шаарында өтө турган 7-кышкы Азия оюндары 30-январда башталып, 6-февралга чейин созулат. Оюндардын ачылыш аземине кыргызстандык спортчулар менен бирге президент Роза Отунбаеванын да катышаары күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG