Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

HRW Кыргыз сотуна кайрылды


Эл аралык Хьюман Райтс Уоч уюму Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотун Базар-Коргондогу калаба боюнча ишти адилет чечүүгө чакырды. Баштапкы сот адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров жана башка жети жергиликтүү өзбек тектүү жаранды былтыр 15-июнда болгон этникалык тополоңдо милициянын офицерин кыйнап өлтүргөн жана бир нече милиционерди жарадар кылган деп айыптап, түрдүү мөөнөткө эркинен ажыраткан.

Хьюман Райтс Уочтун изилдөөчүсү Оле Солвэнгдин сөзүнчө, баштапкы соттун өкүмүн колдоо-айыпталуучулардын адилет сотко болгон укугун маскаралап, Кыргызстандын сот системасынын курмандыгына айланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG