Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

АКШ элчилиги салык багытындагы эки тараптуу келишимге түшүндүрмө берди


2009-жылы түзүлгөн эки тараптуу кызматташуу келишимине ылайык, Америка Кошмо Штаттары тарабынан же анын атынан Кыргызстандын аймагында сатылып алынган товар же көрсөтүлгөн кызмат салык, бажы жана башка ушул сыяктуу Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөрдөн бошотулат. Мындай билдирүүнү бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги таркатты. Маалыматка ылайык, Транзиттик жүк ташуу борборуна алып келинген товарлар жана кызматтардын тизмесине алып сатарлар тарабынан камсыз кылынган күйүүчү май да кирет. “Бул бүт өлкөлөрдө кабыл алынган тажрыйба. АКШ өкмөтү камсыз болуп жаткан күйүүчү май бажы жана башка салыктардан бошотуу боюнча ушул сыяктуу келишимдерди дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөр менен түзгөн. Салыктардан бошотуу Транзиттик жүк ташуу борборунун миссиясын ишке ашырууда чоң мааниге ээ”,-деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстанда учактар үчүн күйүүчү майларга акциздик салык киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. Ага ылайык “Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борбору акциздик салык төлөй турган тармактардын бири катары сыпатталган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG