Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

ТИМ: Египетте жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, Египеттин бир катар шаарларында болуп жаткан массалык башаламандыктарда жабыр тарткан кыргызстандыктар жок. Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында жайгашкан Кыргызстандын элчилигине Египеттен чыгып кетүүнү суранып эч ким кайрыла элек. Ушул тапта аталган элчилик тарабынан Египеттеги кыргыз диаспорасына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тышкы иштер министрлиги Египеттеги кыргыз жарандарын массалык акциялардан алыс болууга чакырууда.

Президент Хосни Мубарактын 30 жылдык башкаруусуна каршы демонстрациялар Египетте үч күндөн бери уланууда. 27-январда эртең менен өлкө борбору Каирде жана Суец шаарында чогулган чакан топтор Мубарактын бийликтен кетүүсүн талап кылышты. (KKs)

XS
SM
MD
LG