Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Жазгы талаа иштерине даярдык боюнча өкмөт маалымат берет


Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеште жазгы айдап-себүү иштерине даярдык тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. 19-январдагы өкмөттүн кеңейтилген алгачкы жыйынында быйыл дыйкандарга насыяларды 9 пайыздык үстөгү менен берүү тууралуу токтом кабыл алынган. Ө. Бабанов бул үчүн өкмөттөн 1 миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдаган. "Өлкөдөгү айрым коммерциялык банктар менен келишим түзүлүп, ар кандай тобокелчиликтердин жана жаратылыш кырсыктардын жол-жоболору эсептелип чыкты, жеңилдетилген насыяларды берүү мындан ары да уланат, ал үчүн жалпысынан 9 миллиард сом керек", - деген Ө. Бабанов. (EBM)

XS
SM
MD
LG