Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Июнь коогасы боюнча эки комиссиянын өкүлдөрү жолукту


27-январда түштүктөгү июнь окуялары боюнча депутаттык комиссиянын өкүлдөрү июнь коогасы боюнча эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен менен жолукту. Парламенттин маалымат кызматынын билдиришинче, анда тараптар бул кандуу окуя калыс жана ар тараптуу иликтениши керектигин билдиришти.

К. Килюнен ага чейинки маалымат жыйында эл аралык комиссия ишинин жыйынтыгын мартта жарыялай турганын билдирди. Анын айтымында, ушул айда иликтөө иштери толук соңуна чыгат, келерки айда болсо чогулган материалдарга анализ жасалат.

2010-жылкы июнь коогасын өз алдынча иликтеген Кыргызстандын улуттук комиссиясы бир нече апта мурда өз ишинин жыйынтыгын жарыялаган. Анда тополоңго айрым жергиликтүү өзбек тектүү лидерлер шыкакчы болгон деп белгиленип, Кыргызстанда 7-апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кандуу окуяларды алдын алган эмес деген жыйынтык чыгарылган. Мурдагы Убактылуу өкмөттүн күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилери бул доого макул эместигин билдиришти.

Түштүк окуялары боюнча өлкө парламенти да өзүнчө депутаттык комиссия түзгөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG