Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Египетте бүгүн ири нааразылык акциялары өткөнү турат


Президент Хосни Мубарактын отуз жылдык бийлигинин токтошун талап кылып жаткан демонстранттардын саны бүгүн буга чейинкиден көбөйөрү күтүлүүдө.

Уюштуруучулар бүгүнкү жума намазга катышуучу миңдеген адамдар да көчө жүрүштөрүнө кошулат деп үмүттөнүп жатышат. Оппозицияга кечээ египеттик белгилүү реформачыл ишмер, Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты, МАГАТЭнин мурунку башчысы Мохаммед эль-Барадеинин Каирге барышы да дем берди.

Бүгүн төртүнчү күнгө аяк басып жаткан нааразылык акцияларына эми Египеттин негизги, бирок тыюу салынган оппозициячыл уюму – Мусулман агайындар да колдоо көрсөтүүдө.

Египеттеги кырдаалды биринчи ирет АКШ президенти Барак Обама да комментарийлеп, Хосни Мубаракты “зарыл реформаларды” жүргүзүүгө чакырды:

-Мен азыр зордук-зобулуктар Египеттин проблемаларынын чечилиши үчүн жооп болбойт деп үмүттөнөм. Өкмөт күч колдонуудан этият болушу керек. Көчөдөгү адамдар да зордук-зомблуктан кармануусу абзел. Менимче, эң маанилүүсү - адамдар мыйзамдуу талаптарын билдирүүчү механизмге ээ болгону.

Кечээ кечинде борбор Каирдин чет жакасында полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Кечээ Суец шаарында нааразылыкка чыккандар полиция менен атышып, курал-жаракты алып кетишти. Полиция менен жергиликтүү калк –бедуиндер ортосундагы атышуу Синайда да орун алды. Үч күнкү тополоңдордон расмий маалымат боюнча беш киши каза тапты.

Бул аралыкта дагы бир араб мамлекети - Йеменде да кечээ 1978-жылдан бери бийликте турган президет Али Абдулла Салехтин кетишин талап кылып, миңдеген адам көчөгө чыкты.

XS
SM
MD
LG