Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

БШК: Жаңы депутаттарды каттоо тартибин парламент түшүндүрүп бериши керек


Борбордук шайлоо комиссиясы парламентте бошогон орундарга жаңы депутаттарды каттоодо кайсы мыйзам менен аракет кылууну түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылды. БШКнын төрагасы Акылбек Сариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, азыр иштеп жаткан Конституциянын 73-беренесинин 4-пунктуна ылайык, депутаттык мандаттардын ордуна кайра жаңы мандат берүү тартиби Конституциялык мыйзамдын негизинде аткарылышы керек. Андай мыйзам жок болгондуктан жаңы депутаттарга мандат берүүнүн тартибин парламент түшүндүрүп берүүгө тийиш. Эгер дароо мандат берүү керек болсо, Жогорку Кеңеш Шайлоо кодексинин негизинде иш алып барууга уруксат берсе болот.

Жогорку Кеңештин кечээ күнкү отурумунда бир катар депутаттар БШК парламентте бошогон орундарга жаңы эл өкүлдөрүн каттабай жатканын сындап чыгышкан болчу. БШКнын маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө чейин бешинчи чакырылыштагы парламенттин төрт депутаты мандатынан баш тарткан. Алардын бири “Ата Журт” фракциясынан депутат Нурзат Осмонова 27-январда күбөлүгүн тапшырган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG