Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

29-январда жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 29-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо гана жаан-чачын күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда -1…-6, күндүз 7…12 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз 9…14 градус жылуу болот. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4 градуска барабар, Нарын облусунда -15…-20, күндүз -3…-8 градус суук болот. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -22…-27, күндүз -9…-14 градуска чейин жетет.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус, күндүз 9…11 градус жылуу болоору күтүлүүдө. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG