Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Түндүк Африка: Мысырда толкундоолор уланууда


Президент Хосни Мубарактын режимине каршы нааразылык жыйындын катышуучулары полиция менен кагылышты. Каир, Египет (Мысыр). 2011-жылдын 28-январы.
Президент Хосни Мубарактын режимине каршы нааразылык жыйындын катышуучулары полиция менен кагылышты. Каир, Египет (Мысыр). 2011-жылдын 28-январы.

28-январда Египеттин борбору Каирдин көчөлөрүндө миңдеген демонстранттар полиция менен кагылышты. Өлкөдөгү режимге каршы нааразылык жыйындарына исламчыл саясий топтордун жетекчилери да алгачкы жолу катышып жатканы кабардалды.

Түндүк Африкадагы арап өлкөсү Египеттин (Мысырдын) байтактысы - Каир шаарынын жамы мечиттерине 28-январда жума намазга жыйылган калайык көчөлөргө саясий талаптар менен чыкты.

Ошентип, Каир көчөлөрү саясий күрөш майданы бойдон кала берүүдө.

Ордо шаарда кагылышуулар болду

Каирдеги демонстранттарды полиция желим ок жана суу замбирек менен каршы алганы кабардалууда. Азырынча кагылышуудан жабыр тарткандар тууралуу тагыраак маалымат айтыла элек.

Тасма баян. Мысыр: Каир толкундоолор кучагында. 28.01.2011. Reuters.

Мысыр: Каир толкундоолор кучагында
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00



Жума күнү саал мурдараак бери дегенде төрт демонстрант жана эки полиция кызматкери набыт болгону, жана 700дөн 1200гө чейинки сандагы киши ар кыл жараат алганы маалымдалган.

Биз Каирде жашап жаткан кыргыз мекендештерибизге уюкфон аркылуу кайрылууга далаалат жасадык, бирок далаалатыбыз майнап бербеди.

Телефонду байланыштыруучу оператор кардарларга азырынча уюкфон менен байланышууга мүмкүндүк жоктугун айтып, кийинчерээк аракет кылууга үндөп жатты.

Интернет байланышы да убактылуу үзгүлтүккө учурады.

Бул кадамдары менен расмий Каир демонстранттардын ич ара эркин байланышуусуна бөгөт коюуга далаалаттанууда.

Нааразылык толкунунда калган башка мысырдык шаарлардын бири – Суэц болду.

Жергиликтүү жана чөлкөмдүк сыналгы каналдарынын маалымдашынча, Каир менен Суэцтен башка да Александрия, Минйа, Ассиут, ал-Ариш сыяктуу шаарларда жана шаарчаларда да толкундоолор уланууда.

"Мусулман Агайындар" кыймылы

Өлкөдөгү оппозициячыл саясий уюмдардын ириси – “Мусулман Агайындар” (ал-Ихван ал-муслимун фи-л-мыср) кыймылы, жума күнү эртең менен билдирүү таркатып, өз лидерлеринин ичинен жок дегенде бешөө жана мурдагы депутаттардын бешөө камакка алынганын маалымдаган.

Бул кыймыл өлкөдө мыйзамсыз саналат, бирок кыймыл жетекчилиги тээ 1970-жылдары ар кыл зомбулук аракеттерин айыптаган соң, анын ишмердүүлүгүнө көрүнөө тоскоолдук жасалган эмес.

Жума күнгө чейинки жаштардын нааразылык жыйындары баш-аламан уюштурулуп келген.

Мысырдагы демонстранттар Түндүк Африкадагы башка бир арап өлкөсү – Тунистеги ыңкылапка шыктанып, расмий Каирди саясий реформалар жүргүзүүгө чакыра башташты.

Алар 30 жылдан бери бийлик тизгинин бербей келаткан президент Хосни Мубарактын кызматтан чегинишин да талап кылышууда.

Соңку маалыматка караганда, жума күнү кечинде президент Мубарактын өкмөтү Каирде, Александрияда жана Суэцте кечки саат алтыдан таңкы жетиге чейин коменданттык саат киргизди.

Оппозициячыл саясатчы эл-Барадейи

27-январда өлкөдөгү белгилүү демократиячыл саясатчы, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Мухаммад эл-Барадейи Вена шаарынан Каирге келип, демонстранттардын саясий талаптарына колдоо көрсөттү.

Эл-Барадейи “калайык, өзгөчө жаштар, өзүнүн демократияга өтүү жараянын жетектеп берүүсүн каалай турган болсо, анда алардын мындай тилегине каршы болбой турганын” ачыктады.

Нобел Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, МАГАТЭнин мурдагы директору Мохаммед эл-Барадейи жума намаз окуганы келген жамы мечиттин жанында да чогулган калайык полицияны ташбараңга алды.

Эл-Барадейи өзү 28-январда Каирде үй камагына отургузулганы кабардалды.

Эл аралык жаңжалдарды иликтөө тобу жума күнү билдирүү таркатып, эл-Барадейинин үй камакка алынышы үчүн расмий Каирди сынга алды.

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун болсо Швейцариянын Давос жергесинде жүргөн жеринен Түндүк Африкадагы, асыресе Египеттеги окуяларга кайрылып, тараптарды, саясий лидерлерди зомбулукка жол бербөөгө чакырды.

Ал, ошону менен катар эле, кишилердин сөз эркиндиги демократиянын өзөккү принциптеринен экенин баса белгиледи.

Кошмо Штаттар реформаларды колдойт

АКШ президенти Барак Обама 27-январдагы сөзүндө миңдеген мысырдыктар бекеринен көчөгө чыгып талап коюп жатышпаганын белгиледи.

- Биз, америкалыктар ишенгендей, жалпыга таандык өзөккү бир асыл нарктар бар. Алар – сөз эркиндиги, өз оюн билдирүү эркиндиги, кишилердин интернеттеги социалдык тармактар аркылуу өз ара баарлашуу мүмкүнчүлүгү. Бул баалуулуктар АКШга гана эмес, араб дүйнөсүнө да бирдей эле таандык асыл нарктар.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон болсо учурда Египеттин бакыбаттыгы үчүн саясий реформа жүргүзүү өтө олуттуу мааниге ээ экенин жума күнкү сөзүндө баса белгиледи.

Ал расмий Каирди тынчтык маанайдагы жыйындарга жана кишилердин эркин байланышуу мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоолдук кылбоого чакырды.

Арап-мусулман өлкөлөрүндө

Жалпысынан, Тунистеги ыңкылаптын жеңишке жетиши, андагы авторитардык режимдин ээсинин өлкөдөн чыга качышы – тээ Борбордук Азиядагы Кыргызстанда эле эмес, калайыктын басымдуу көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн башка мамлекеттерде деле ыңкылап жүзөгө ашырылышы мүмкүн экенин айгинеледи.

Соңку күндөрү демократиялык укуктарды тепсеген зулум бийлик системасын орноткондорго каршы нааразылык жыйындар Мысырдан тышкары Йеменде да болду.

Жума күнү Иорданиянын айрым шаарларында да саясий реформа жүргүзүү талабын койгон нааразылык жыйындары өткөнү кабардалды.

Мысырдагы толкундоолор. 2011-жылдын 28-январы. ТЧ.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG