Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Мамлекеттик салык кызматынын жаңы төрагасы дайындалды


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Мамлекеттик салык кызматын жетектеп келген Адылбек Касымалиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна жаңы жетекчи болуп Бактыбек Аширов дайындалды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, мындай чечим Конституциянын 89-беренесинин 6-пунктуна ылайык кабыл алынды.

Бактыбек Аширов буга чейин Эсеп палатасында аудитор, 2007-2008-жылдары Президенттин администрациясынын Экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчи орун басары, 2006-2007-жылдары өкмөттүн алдындагы Cалык инспекциясында Мыйзамдык жана усулдук иштер башкармалыгынын жетекчиси өңдүү кызматтарды аркалап келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG