Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Демонстранттар Албан өкмөтүн кызматтан кетүүгө чакырууда


Бүгүн жума күнү Албаниянын байктакты Тиранада миңдеген адамдар катышкан анти-өкмөттүк демонстрация өтүүдө.

Оппозициядагы Социал-демократтык партиянын лидерлери, өткөн аптадагы демонстрацияда өлгөн үч адамдын жакындары мыкты куралданган полицияга көңүл бурбай, өкмөттүн имараты алдына келип, премьер-министр Сали Бериша башындагы өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Полиция акциянын тынч өтүүсүн камсыздай албасын алдын ала эскерткен болчу. Евробиримдик, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу Уюму албан социалисттерине кайрылып, жүрүштүн тынч өткөрүүгө үндөгөн.

XS
SM
MD
LG