Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Египет Президенти Мубарак өкмөттү кызматтан кетүүгө чакырды


Египет президенти Хосни Мубарак ишембиге (29-январга) оогон таңда жасаган сыналгы кайрылуусунда премьер-министр Ахмед Назиф башындагы өкмөттү кызматтан кетүүгө чакырып, Египетте (Мысырда) демократиялык реформаларды жүргүзөөрүн билдирди.

Кечээ кечинде Каирге аскерлер жайгаштырылганын маалымат булактары кабарлашты.

Кечээ өкмөттүк сыналгы канал жума күндөн тарта тополоңду, мыйзамсыздыкты, талап-тоноолорду, коомдук жана менчик мүлктөргө кол салууларды токтотуу үчүн Каир, Александрия жана Суэц шаарларында кечки алтыдан эртең мененки жетиге чейин коменданттык саат киргизилгенин жарыялады.

Шейшемби күндөн бери толкуган эл 32 жыл бийликте отурган 82 жаштагы Хосни Мубарактын президенттиктен кетүүсүн жана демократиялык реформаларды талап кылышууда.

Франс пресс агенттиги Каирдеги кагылыштарда өлгөндөрдүн саны 13кө жетип, 75 киши жарадар болгонун билдирди. Рейтер агенттиги медициналык булактарга таянып маалымдашынча, Каирде 800дөн ашуун адам жарадар болгон.

Саал мурдараак кабар агенттиктери Суэцте да 13 киши набыт болгонун маалымдашкан. Александрияда кечээки тирешүүлөрдө 6 киши окко учканы маалымдалууда. Жалпысынан тирешүүлөрдө 32ден ашуун адам өлгөнү кабарланууда.

АКШ президенти Барак Обама Египет бийликтерин тынч демонстранцияга чыккан элге каршы күч колдонбоого үндөдү. Ал ишемби күнү кечинде Вашингтондо жасаган билдирүүсүндө Кошмо Штаттар Египет элинин укугун колдой берерин белгилеп, Мубарактын режимин саясый реформаларды алгалатууну сурады.


Кошмо Штаттар Египет бийликтерин жана демонстранттарды сабырдуулукка чакырды. Мамкатчы Хиллари Клинтон египеттиктерге кайрылып:

“Бизди Египет полициясы менен коопсуздук күчтөрүнүн демонстранттарга каршы күч колдонгону өтө тынчсыздандырат. Биз Египет өкмөтүн коопсуздук күчтөрүн тыйуу үчүн бар бийлигин колдонууга чакырабыз. Ошол эле учурда демонстранттар да зобун-зордукка барбай, талабын тынч билдириши абзел,” - деди.

Мубарактын нааразылык акцияларынын катышуучуларына күч колдонгонуна байланыштуу Вашингтон Египетке берчү 1, 3 миллиард долларлык жардамын кыскартканы жатканын Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гибс билдирди.

Германия канцлери Ангела Меркел Египет жетекчилигин “элге ой-мүдөөсүн эркин билдиргенине мүмкүндүк берүүгө чакырды. Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Египет үчүн “реформа” өтө зарыл экенин эске салды.

Египетти тербеткен нараазылык акциялары жана саясый жагдайга болгон кооптонуулар АКШнын каржы (финансы) базарына таасир этти. Өлкөнүн ири өнөр жай ишканаларынын баалуу кагаздарынын өтүмдүүлүгүн билдирген Доу Жонс индекси жума күнү түшкө карай 1, 3 пайызга төмөндөдү. Ал эми электрондук, программалык камсыздоо сыяктуу жогорку технологиялык ишканалардын акцияларын өтүмдүүлүгүн көрсөткөн НАСДАК индекси 2,5 пайызга ылдыйлады. (AU)

XS
SM
MD
LG