Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

А.Айдаралиев Эл аралык астронавтика академиясынын мүчөсү болду


Бул тууралуу Кыргызстандагы эл аралык университеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, космос техникаларды түзүп чыгуу, учкучтарды үйрөтүү багытында иш алып барган Эл аралык астронавтика академиясы Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, космостук жана авиациялык медицинанын адиси Асылбек Айдаралиевди өз мүчөлүгүнө алды. Натыйжада ушул тапта Эл аралык университеттин камкорчулар кеңешинин төрагасы кызматын аркалап келген А. Айдаралиев астронавтика академиясынын “Жашоо жөнүндөгү илим” аттуу секциясынын мүчө-корреспонденти катары иш алып бармакчы.

Эл аралык астронавтика академиясы 1960-жылы Стокгольм шаарында негизделген. Учурда бул академиянын дүйнөнүн 65 өлкөсүндө мүчөлөрү бар. Алар космостук технологиялар багытында изилдөөлөр менен алек болушат. (KKs)

XS
SM
MD
LG