Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Египеттин президенти Мубарак жаңы премьер министр дайындады


Мурдагы жарандык авиация министри Ахмад Шафик жаңы өкмөт башчы, тыңчылык кызматынын мурунку жетекчиси Омар Сулейман вице премер болуп дайындалды. Египеттин мамлекеттик сыналгысы Хосни Мубарак өзүнө жакын бул эки саясатчыга жаңы өкмөттү түзүүнү тапшырганын билдирди.

Египететги «ал Ахали » журналынын редактору Фардиэ Нагдаш «Азаттыкка» жеринен " нааразылыкка чыккандар эгерде Мубарак тактан кетип конституциялык өзгөрүү болуп, жаңы шайлоо дайылдалса анда өткөөл өкмөттү колдошот. Тилекке каршы Мубарак эч кайда кеткен жок, кетпейт дагы", деп айтты.

5 күндөн бери Египеттин бир катар шаарларында массалык митингдер өтүп, президент Х.Мубарактын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Өлкөгө коменданттык саат киргизилгендигине карабастан миңдеген адамдар Каирдин борборуна чогулуп, коопсуздук кызматы менен митингчилердин кагылышуусу болду. Ушундай эле кырдаал Александрия менен Исмаилияда дагы болуп жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG