Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Астанада кыргызстандык спортчулар президент менен жолугушту


Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Алмаз Касеновдун Астана шаарынан “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн президент Роза Отунбаева Кышкы Азия оюндарына катыша турган кыргызстандык спортчулар менен жолугушту. Отунбаева спортчулардын даярдыгы менен таанышып, мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо болбой жатканына карабай, спортчулар бир катар мелдештерде мыкты ийгиликке жетишип жатканын белгиледи. Өз кезегинде кыргызстандык хоккейчилер Тайланд жана Бириккен Араб Эмиратынын курама командасы менен болгон беттешүүдөгү жеңиши тууралуу айтып беришти.

Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, иш сапарынын алкагында президент Роза Отунбаева казак башчысы Нурсултан Назарбаев менен социалдык-экономикалык багытта сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Астанадагы 7-Кышкы Азия оюндарынын расмий ачылышына катышат.

Кышкы Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 52 спортчу катышууда. Алар спорттун беш түрү боюнча күч сынашат. Кыргызстандык хоккейчилер буга чейин эки беттешүү өткөрүп, экөөнү тең жеңип чыгышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG