Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Роза Отунбаева президенттик мөөнөтүн узартуу демилгесин колдобойт


Өлкө башчысы Роза Отунбаева “Биринчи” радиого (мурдагы “Кабарлар”) берген интервьюсунда бул жылы анын мөөнөтү бүтөөрүн айтып, мыйзам чегинде өз ордун шайлоодон жеңип чыккан адамга бошотуп берүүгө даярдыгын билдирди. "Мен Кыргызстанда президент өз мөөнөтү бүткөндөн кийин шайлоодон утуп алган адамга ордун бошотот деген үлгүнү көрсөтөйүн деп жатам”, - деди Роза Отунбаева. Президент суроолорго жооп берип жатып, өткөөл мезгилдин президентинин мөөнөтүн узартуу демилгелери тууралуу укканын, бирок бул демилге кандай максатта чыгып жатканын билбестигин кошумчалады. 29-январда жазылган бул маек обого дүйшөмбүнүн таңында чыгат.

Буга чейин “Манас Ордо" коомунун башчысы Анарбек Усупбаев президент Роза Отунбаеванын президенттик мөөнөтүн дагы беш жылга узартуу демилегесин көтөрүп чыккан болчу. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG