Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Азиада: Кыргыз хоккейчилери монголдор менен беттешет


Астанада өтүп жаткан 7-Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей командасы эки ирет ийгилик жарата алды - 28-январда Тайланддын оюнчуларын 15:4 эсебинде, ал эми 29-январда Бириккен Араб Эмиратынын хоккейчилерин 14:0 эсеби менен утуп алышкан.

Мелдештер Астанадагы Балбан Чолок (Шолак) спорт сарайында өтүүдө. Жетинчи Кышкы Азия оюндарынын 30-январдагы ачылыш салтанатына кыргыз президенти Роза Отунбаева катышты. Континенттик мелдештерге барган Кыргызстандан 52 спортчусу спорттун беш түрү боюнча таймашка түшүүдө. (ES)

XS
SM
MD
LG