Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

Чоң-Алайда зилзаладан 70тен ашык үй кулайын деп калды


Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Чоң-Алайда жер титирөөнүн айынан 72 үй кулайын деген абалда турат жана 100дөн ашык үй баштан-аяк оңдоп-түзөөгө муктаж. Учурда аталган министрликтин жана калкты коргоо боюнча райондук комиссиянын адистери зилзаладан жабыркаган жайларды текшерүүнү улантышууда. 24-январда Тажикстанда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан күчү Кыргызстанда да сезилип, Ош менен Баткен облустарынын айрым аймактары жабыркаган болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG