Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

АКШ элчилиги Аскаровдун ишин калыс кароого чакырды


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши Жогорку Сотто каралып жатканына байланыштуу билдирүү таратты. Анда баштапкы соттор калыс өкүм чыгарганынын күмөн санаган жагдайлар болгону айтылат.

Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун көзөмөл арызын 26-январдан тарта карай баштады. Эмки сот жараяны 8-февралда уланат.

Аскаров баштаган айыпталуучуларга июнь окуялары учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлуп жатат. Сентябрь айынын ортосунда Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап, 10-ноябрда Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган эле. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG