Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:47

ТИМ: Египеттен кыргызстандыктарды чыгарууга жүйөө жок


Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, Кыргызстандын Сауд Арапстандагы элчилиги Египеттеги кыргыз коомчулугу менен такай байланышта турат. Египеттеги кыргызстандыктардын өкүлү Акылбек Тагаев алар жыш жашаган жерлер коога чордонунан кыйла алыс жана жергиликтүү тартип коргоо органдарынын кайтаруусунда турганын кабарлады. Ошондуктан, чукулунан Египеттен чыгарып кетүүгө жүйөө жок.

Сауд Арапстандагы Кыргызстандын элчилиги ошондой эле Египеттеги Казакстандын элчилиги менен да байланыш кармап турат.

Расмий маалыматка ылайык, Египетте азыр 250дөн ашуун кыргызстандык жаран бар, алардын басымдуу бөлүгү бул өлкөгө окуганы барган. Египетте бир жумага жакын убакыттан бери өлкө президентине каршы калайман нааразылык болууда. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG