Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Орусияда кыргызстандыкты өлтүрдү деп шектелгендер кармалды


Москва облусунун Наро-Фоминск районунда 17-январда кыргызстандык жаран Б. Тагаевдин өлтүрүлүшү жана анын жубайы К. Кенжебаеванын жарадар болушуна байланыштуу кылмыш иши козголду. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, бул иш боюнча дагы башка эки кыргызстандык жаран Акылбек Мукамбетов менен Нурзида Абдугапирова кармалып, азыр көрсөтмө берип жатышат. Каза болгон Б. Тагаевдин жубайы азыр райондук ооруканада жатат жана абалы оор бойдон. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяны көзөмөлгө алууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG