Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Мубарак өкмөттү кайра түздү


Толкундоо токтобой жаткан Египетте мамлекеттик сыналгы билдиргендей, президент Хосни Мубарак курамы өзгөртүлгөн өкмөттүн антын кабыл алды. Коопсуздук күчтөрүнүн демонстранттарга карата зордукчулугу үчүн күнөөлөнгөн ички иштер министри Хабин ел-Адли полиция генералы Махмуд Вагди менен алмаштырылды. Мубарак өзүнүн эбактан берки коргоо министри, маршал Хусеин Тантавини жана тышкы иштер министри Ахмед Абул Геитти ордунда калтырды.

Мамлекеттик сыналгыдан ошондой эле демоснтранттар эртеңге «миллиондун жүрүшүн» жарыялагандан кийин бардык поезд каттамдары токтотулганы кабарланды. Баш калаа Каирдин борборунда бүгүн миңдеген киши жетинчи күн катары менен чогулуп, президент Хосни Мубарактын бийликтен кетишин талап кылышты. Хосни Мубарак 30 жылдан ашык мезгилден бери бийликте отурат.

Египетте өтткөн аптада башталган толкундоолордо 100дөн ашык кишинин каны төгүлдү. Жума күнү толкундоо күч алганда тартип коргоочулар көчөлөрдөн сүрүлүп калган, кийин аскерлер киргизилди. Европа Биримдиги, Кошмо Штаттары Египетте тынч бийлик алмашуусуна чакырууда. Биримдиктин тышкы иштер министрлери диний экстремисттер бийликти басып алышы мүмкүн экендигин эскертишти.

XS
SM
MD
LG