Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Суданда студент-демонстрант кагылыштан кийин каза болду


Судандагы кечээки өкмөткө каршы демонстрацияда коопсуздук күчтөрү тепкилеп койгон Мохамед Алделрахмат өткөн түнү ооруканада каза тапканы кабарланууда. Баш калаа Хартумда жана башка шаарларда жаштар Тунис менен Египеттеги толкундоолорго куштарланып, нааразылык акцияларын уюштурушууда. Демонстранттар өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келаткан президент Омар Хасан ал-Баширге акаарат келгирген ураан чакырышты. Ал-Баширди Эл аралык Кылмыш соту өлкөнүн Дарфур аймагындагы геноцид жана согуш кылмыштары үчүн айыптаган.

XS
SM
MD
LG