Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Кыргызды “кыргылчалчылык” кыйратабы?


“Кыргыз туусу” гезити кытайлык кыргыз окумуштуусунун “кыргылчалчылык” деген эмне экенин иликтөөгө алган макаласын жарыяласа,”Алиби” гезити азыркы саясый абалга сереп салды. Мурдагы “Форум” гезити бүгүндөн баштап “Фабула” деген атка алмашты.

“Кыргыз туусу” гезити “Кош келиңиз боордош Кыргызстанга, Түрк элинин түркүгү Эрдоган мырза!” деген ат менен бүгүнкү санын ачты жана профессор Дөөлөтбек Сапаралиевдин “Кыргыз-Түрк боордоштугу – тарых тереңинде” деген макаласынын соңку бөлүгүн сунуш кылды. Окумуштуу түрк элдеринин биримдиги, ынтымагы, бири-бири менен экономикалык жана саясый жактан алыш-бериш алакасы түбү бир элдердин келечегин аныктап, белин бекемдейт эле деген ойду айтты.

Гезит ошону менен бирге эле Кыргызстанда Бразилиянын консулдугу ачылып, анын ардактуу консулу болуп белгилүү коомдук ишмер Аскар Салымбеков дайындалганын, казактар үчүн кыргыздан жакын эл жоктугун, президент Роза Отунбаева казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык фонддун иши жанданып, электр энергиясы үчүн 20 млн. доллар бериле тургандыгын кабарлады.

“Кыргыз туусу” ошондой эле жаңы санына кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбай уулунун “Кыргылчалдын балдары” оозуңду тарт!.. же кыргызды бөлүп жаткандарга жооп” деген көлөмдүү макаласын жарыялай баштады.

Окумуштуу Макелек макаласында кыргыздардын ичиндеги “кыргылчалдык” деген эмне экендигинин маңызын ачып берген. 1922-жылдары кагазга түшүрүлгөн “Манас” эпосу Кыргыз мамлекетинде бүгүнкү күнгө дейре толук жарык көрбөй, “кыргылчалдын балдарынын” азабын тартып жатса, кытайлык кыргыздар Манастын 8 урпакка чейинкисин китеп кылып чыгарганын, ал эми убагында улуу Жазуучу Чыңгыз Айтматовго бут тоскон “кыргылчалдын” тукумдары Ала-Тоодогу кыргыздарды бөлүп-жарып тим болбостон, эми кытайлык кыргыздардын короосуна да таш ыргыта баштаганын баяндаган.

Көрүнүктүү драматург Бексултан Жакиев, кыргыздын тунгуч романчы жазуучусу Мукай Элебаев жөнүндө макалалар, таланттуу акын Төлөгөн Мамеевдин ыр топтому ж.б. бар.

“Алиби” гезити Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин текшерүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Исаевдин “Бүгүнкү мыйзамдар алып-сатарлардын ишине кийлигишүүгө жол бербейт” деген аталыштагы маегин басты.

Социолог окумуштуу Кусейин Исаев, бүгүн Кыргызстанды бөлүп-жарып, ынтымагын ыдыратып жаткандар саясый партиялар болуп жатканын, партиялар тууралуу мыйзамдар чийки экендигин, 2-3 киши чогула калып партия түзүп барса эле Юстиция министрлиги каттай берерин, маселен мына ушул өңдүү 150дөй партия каттоодон өтүп, 29у шайлоого катышканын, ал эми босоголук тосмодон өткөн партиялардын баарыныкын кошкондо да шайлоочулардын үчтөн биринин гана добушуна ээ болгонун белгиледи. Парламентке келген депутаттардын көрөңгөсү тайыздыгын, аларда идея, идеология деген жоктугун сынга алды окумуштуу.

Буга дейре “Форум” деген ат менен жарык көрүп келаткан гезит бүгүндөн баштап “Фабула” деген ат менен чыга баштады.

“Отунбаеванын колуна криминал менен чырмалышып калган бийлик тийди. Президент болору менен күч органдарын президент криминалга каршы күрөшкө чакырды. Отунбаеванын эми бир мөөнөткө президент болуп бериши азыркы абалга куп жарашат эле, эстеп көргүлөчү, Акаев менен Бакиев качан эле криминалга каршы күрөшүүнү күч органдарынан талап кылды эле?” деп жазган журналист Баратбай Аракеев макаласын “Президент, Рысалиев жана четтин акчасына “томолонгон” Токтайым” деп атады.

Гезит буга улай эле “Отунбаева мөөнөтун узартпайт!” деген чакан маалымат жарыялап, президент Роза Отунбаева кечээ күнү: “Мен Кыргызстанда президент өз мөөнөтү бүткөндөн кийин шайлоодон утуп алган адамга ордун бошотот деген үлгүнү көрсөтөйүн деп жатам” дегенин шилтеме кылып, президенттик орунду эмитен эле бири-биринен кызганып, Отунбаевага карата ар кандай ушак таратып жаткандардын демине суу сепкенин маалымдады.

“Фабула” гезити: “Саясый оюндардан арыла албаган парламент президентти акыркы чекке жеткиреби?” деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылды.

Ишенбай Абдуразаков: - Парламентте өлкөнү башка жакка тартып, оюн баштап жаткандар бар экени байкалууда. Эгер парламент минтип, эт менен челдин ортосунда болуп, жакшы иштей албаса, өкмөттө саясый кризис түзүлүп, аны таратууга президентке шарт түзүлөт,-деп,

Орозбек Молдалиев:- Президенттин артында чоң күч, эл турат, парламент керектүү мыйзамды кабыл алуунун ордуна өкмөттү таратууга кызыктар болуп атканы көрүнүүдө. Чындыгында эл бүгүнкү парлмантке караганда өкмөттү көбүрөөк колдоодо,-деп,

Абдыганы Эркебаев: - Азыркы Башмыйзам боюнча президенттин паламентти таркатууга укугу жок,-деп,

Тайырбек Сарпашев: - Коомчулукту бөлүп-жаруу, популисттик ач айкырык, айтканы менен жасаган иштерин карап туруп жаңы парламент эл үчүн пайдалуу иш жасай элек деп ачык эле айтсак болот. Эгер натыйжалуу иштебесе, таркатып, жаңы дайындоолорду жарыя кылгандан биз эч кандай трагедия жасабашабыз керек,-деп,

Ишенбай Кадырбеков: - Президенттин пикирине кошула албайм, парламентке иштегенге убакыт бериш керек,-деп,

Өмүрбек Текебаев: - Юридикалык жактан алганда президент парламентти каалаган учурда тарата албайт. Бирок таратып жиберчү жагдайлар жок эмес. Президент парламентте: “Убактылуу өкмөттүн декретин улам териштирип, аны жокко чыгарам деген аракетиңерди койбосоңор, алды-артыңарды карап иш кылбасаңар, мурунку заманды алып келебиз деп ашыксаңар, элдин нааразылыгын күчөтө берсеңер эл силерди да, бизди да жок кылат. Ошол учурда мен бүткүл Куралдуу күчтөрдү, атайы кызматтарды жетектеген адам катары эл тарапта болом” деген мааниде айтты” деп”,- жооп берди.
XS
SM
MD
LG