Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

“Ата Мекен”: прокуратура жана чекисттер жетекчилиги "авторитет" менен жолуккан


“Ата Мекен” фракциясы тараткан билдирүүдө 2010-жылдын декабрь айында Ысык-Көл областык прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү Караколдогу “Каприз” мейманканасында кылмыш дүйнөсүнүн авторитеттүү өкүлү менен жолукканы айтылат. Фракция мындай кездешүү болгонуна бир катар күбөлөрдүн билдирүүлөрү далил болоорун жар салып, президент Роза Отунбаевага, баш прокурор Кубатбек Байболовго, Улуттук коопсуздук мамкомунун төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге бул маалыматты текшерип, эгер аныгы ашкереленсе мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн аталган жолугушууга катышкан чиновниктерди кызматтан четтетүү талабын жолдоду.

УКМКнын маалымат катчысы Рысбек Быкын уулу “Азаттыкка” жогоруда айтылган билдирүү боюнча азырынча маалымат жоктугун, бирок териштирүү болоорун билдирди. (ES)

XS
SM
MD
LG