Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Кыргызстан менен Түркия экономикалык кызматташтыкты бекемдөө тууралуу сүйлөшөт


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган 1-2-февраль күндөрү Кыргызстанда ырасмий иш сапар менен болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” премьер-министрдин маалымат саясаты бөлүмүнөн кабарлашты. Эрдоган баштаган түркиялык делегациянын курамында Түркиянын Мамлекеттик министри Зафер Чаглайан да бар. Түрк премьери менен кошо Кыргызстанга Түркиянын алдыңкы бизнес мекемелеринин өкүлдөрү да келмекчи. Иш сапардын алкагында “Кыргызстан-Түркия” деп аталган бизнес форум өтөрү пландалган. Ошондой эле Түркия менен Кыргызстандын өкмөт башчылары эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, инвестиция тартуу маселелер жаатында сүйлөшөт. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG