Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Каир, Александрия "миллион адам катышкан" жүрүшкө камданууда


Каирдин ортолугуна “миллион адамдын жүрүшүнө” катышуу үчүн миңдеген адам агылып келүүдө. Алар Хосни Мубаракты президенттиктен кетүүгө чакырышууда. Жүздөгөн демонстранттар коменданттык саатка карабай түндү Тахрир аянтында өткөрүштү. Марш 1-февралда бешим ооп башталыш керек.

Александрия шаарында да миллион адам катышкан нааразылык жүрүшү мерчемделүүдө. Калайыкты демонстрацияга катыштырбоо үчүн Египет өкмөтү кечээ шамдан тарта темир жол каттамдарын токтотту. Армия “адамдардын укугун сыйларын” жана Египет элине каршы күч колдонбосун дүйшөмбү күнү билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG