Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Эл акыны Ш.Дүйшеевдин маарекеси мамлекеттик деңгээлде өтөт


Бүгүн (1-февралда) биринчи вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов эл акыны, 3-даражадагы “Манас” орденинин жана Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын ээси Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдык мааракесин расмий өткөрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү.
Анда Жунусов Маданият жана маалымат министрлигине мааракени уюштуруп өткөрүү үчүн каражат табууну тапшырды.
Жыйында мааракеге кеткен каражаттын бир бөлүгүн “Ат-Башы” коомдук бирикмеси бере турганы айтылды.
Маалыматка караганда, эл акынынын мааракесине президент Роза Отунбаева да катышышы мүмкүн.
Акын жана журналист Шайлообек Дүйшеев былтыр 60ка чыкты. Эл акыны учурда “Азаттык” үналгысында иштейт. Ал “Тилим-дилим” жана “Басма сөз баяндамасы” өңдүү түрмөктөрдү такай алып барат. (EBM)

XS
SM
MD
LG