Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Египеттиктер Мубарактын бийликтен кетүүсүн талап кылышууда


Каирдин ортолугуна Хосни Мубарактын бийликтен кетүүсүн талап кылып, бир нече жүз миңден эки миллионго чейин адам чогулганы маалымдалды. Оппозиция лидери Мухаммед ал-Барадейи кан төгүүлөрдү болтурбоо үчүн Мубаракты жума күнгө чейин бийликтен кетүүгө үндөдү. Нобелдин Тынчтык сыйлыгын лауреаты Ал-Барадейи араптардын “ал-Арабия” телеканалына берген интервьюда Мубарактан кийинки жагдайды талкуулоо үчүн көп жактуу сүйлөшүү зарыл деди:

- Египет элинин биринчи талабы - Египетте коопсуздукка, эркиндикке жана демократияга негизделген жаңы доорду баштоо үчүн президент Мубарак кетүүгө тийиш.

Египет оппозициясынын лидерлери бүгүнкү билдирүүсүндө "Мубарактын режими кетмейин эч кандай сүйлөшүүгө барбайбыз" деп сөз беришти.

Сегиз күндөн бери анти-өкмөттүк толкундоолор кезиндеги полиция менен кагылышууларда кеминде 125 адам набыт болгону айтылууда.

Александрия шаарында да демонстрацияга кеминде 50 миңдей адам, Суэц, Ассуит, Мансура, Лухор шаарларында миңдеген адамдар катышты дешет жалпы улуттук акциянын уюштуруучулары.

Армия “адамдардын укугун сыйларын” жана Египет элине каршы күч колдонбосун дүйшөмбү күнү билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG