Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Бүгүн Урмат Барктабасовдун соту уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Барктабасовдун жактоочусу Жаманкул Жунусов маалымдады. Бүгүнкү соттук жараяндын жүрүшүндө айыпталып жаткан Урмат Барктабасов, Акыл Акунов, Рустам Жунушалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу жактоочулардын өтүнүчү боюнча чечим чыгары күтүлүүдө. Жалпысынан сотто “Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов баш болгон 15 адамдын иши каралып жатат.

4-августта кармалган Урмат Барктабасовго “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, учурда ал УКМКда камакта отурат. Урмат Барктабасов баштаган топ Элдик курултай өткөрүү максатында Ысык-Көлдөн Бишкекке келатканда аларды милиция тоскон. Натыйжада эки тарап кагылыша кетип, милиция демонстранттарды күч менен кууп тараткан. (ES)

XS
SM
MD
LG