Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Пан Ги Мун Лукашенкону адам укуктарын урматтоого чакырды


БУУнун баш катчысы Беларус лидери Александр Лукашенкону адам укуктарын сактоого үндөдү. Пан Ги Мун журналисттер, жарандык коом активисттери, оппозиционерлер куугунтукталып, камакка алынып жатышат деген кабарларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Мунун алдында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Дуня Миятович Минск өкмөтүнө кайрылып, эркин журналисттерди жана көз карандысыз маалымат каражаттарын куугунтуктоону токтотууга үндөгөн. Бул аралыкта Москва Евробиримдиктин Беларуска каршы киргизген санкцияларын терс баалады. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жазалоочу чаралардын артында саясий жүйөө турат, алар Беларустагы “социалдык-экономикалык абалды начарлатууга багытталган” деп билдирди. Евробиримдиктин 31-январдагы жыйынында Беларустун жетекчилерине каршы санкцияларды колдонуу чечими кабыл алынган. 19-декабр күнкү президенттик шайлоону Александр Лукашенко жеңгенден кийин оппозициянын тарапкелери көчөлөргө чыгып, нааразылыгын билдиришкен. Бийлик аларга каршы күч колдонуп, ондогон адам, анын ичинде президенттикке бир нече талапкер камакка алынган.

XS
SM
MD
LG