Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Диний лидерлер Освенцимда болушту


Жакынкы Чыгыш, Африка жана Европадан келген жүздөгөн диний лидерлер Освенцим концлагеринде курман болгон адамдардын арбайына таазим кылышты. Бул иш-чара менен алар коомчулуктун көңүлүн Холокосттун сабактарына буруп, расизмге каршы күрөшүүгө, диний толеранттуулукка үндөөнү көздөшүүдө. Өткөн аптада Освенцимдин бошотулушуна 66 жыл толгон. Нацисттердин ал лагери Холокосттун символуна айланган. Освенцимде Экинчи дүйнөлүк согуш маалында 1 миллиндой жөөт, миңдеген поляк, цыгандар жана советтик туткундар жок кылынган.

XS
SM
MD
LG