Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

“Устатшакирт” Ысык-Көлдө концерт берет


“Устатшакирт” борбору 3-4-февраль күндөрү Ысык-Көлдө бир катар концерт берет жана салттуу музыка боюнча чакан окутууларды уюштурат. Борбордун өнөрпоздору оболу Караколдо Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайда, андан кийин Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылындагы мектепте жана Ак-Суудагы балдар үйүндө, ошондой эле Түп районунда оюн коюшат.

Былтыр жыл этегинде ушундай эле концерттер Бишкектеги айрым жогорку окуу жайларда жана мектептерде уюштурулган.

“Устатшакирт” салттуу музыка борбору 2004-жылы "Ага Хан" корунун колдоосу менен түзүлгөн. Анда негизинен жаш таланттар элдик музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнүшөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG