Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Йемен президенти кийинки мөөнөткө барбайт


Йеменди 30 жылдан бери башкарып жаткан Али Абдулла Салех азыркы бийлик мөөнөтү 2013-жылы аяктаганда, аны узартууга барбай турганы жөнүндө өлкөдө ири нааразылык акциясы өтөр алдында жарыялады. АКШнын “ал-Каидага” каршы күрөштөгү маанилүү өнөктөшү Салех ошондой эле өз бийлигин баласына өткөрүп бербөөнү убада кылды. Ал мындай чегинүүгө барып жатышын өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн деп түшүндүрдү. Йемен оппозициясы эртеңкиге “Каардануу күнү” деп аталган ири митинг белгилеп жаткан. Йемен дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бири, өкмөт жикчилик жана “ал-Каида” шыктандырган террорчулар менен күрөшүп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG