Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Каирде Мубарактын каршылаштары менен жактоочулары кагылышты


Кагылышуу президент Мубарактын жактоочулары анын кызматтан кетишин талап кылып жаткан он миңдеген демонстранттар турган аянтка кирип барган учурда тутанды. Эки тарап бири -бирине таш ыргытып, кабарларга караганда бир нече адам жаракат алган. Мубарак кечээги телекайрылуусуна быйыл сентябрда, азыркы бийлик мөөнөтү аяктаганда, кайра шайланууну көздөбөсүн, бирок ага чейин кызматтан чегинбей тургандыгын айткан.

Мурдараак көчөгө чыккан элдин “талабы мыйзамдуу” болгондуктан аларга каршы күч колдонбой тургандыгын белгилеген Египет армиясы бүгүн тогузунчу күн нааразылык акцияларын өткөрүп жаткан демонстранттарды кадимки турмушка кайтууга чакырган эле. Анткен менен оппозиция ушул жума күнү дагы бир ири демонстрация өткөрөрүн жарыялады.

Кечээ президентке каршы чыккандар саны, байкоочулар баамында бир нече жүз миңден эки миллион кишиге чейин жеткен.

Бүгүн Египетте акыркы аптада бир нече жолу үзгүлтүккө учураган уюлдук байланыш жана интернет кызматы калыбына келгени да кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG