Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

“Яси” ураганы Австралиянын түндүк –чыгыш жээгине жетти


Катуу шамал имараттардын чатырларын учуруп, тал-теректи тамыры менен оңторуп, миңдеген үйлөрдү электр жаргысыз калтырды.

Кубаттуу шамалга Австралиянын Италия же Жаңы Зеландиядан чоң аймагы кабылууда. Бийликтер жээк боюнча 300 чакырым аралыкта жайгашкан, урагандан улам кыйроого кабылуусу мүмкүн деген шаарлар менен кыштактарга алдын ала эскертүү берип, миңдеген тургундар көчүүгө мажбур болгон.

Маалыматтарга караганда, “Яси” - 1918- жылдан бери Австралиянын бул аймагы кабылган эң кубаттуу ураган. Азыр ураганга туш келген Квинсленд штаты мындан бир аз мурда эле ири селге кириптер болгон. Андан 35 киши каза таап, миңдеген турак-жайлар суу алдында калган.

XS
SM
MD
LG