Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Прага: тазалык жана адеп


Прагадагы "Бийчи Үй"
Прагадагы "Бийчи Үй"

Праганы чехтер өздөрү “Злата Прага” деп сыймыктануу менен аташат. Ордолуу шаардын “Алтын Прага” деп аталышын бирөөлөр төбөсү күнгө созулуп жылтыраган чиркөөлөргө, экинчи бирөөлөр үйлөрдүн чатырындагы кызгылт черепицалар күнгө чагылып, алтындай нур чачып турганы менен байланыштырышат.

Карт жана түбөлүк жаш калаа тазабы? Адамдар көчөлөргө акыр-чикир таштайбы? Көчөдө баратып түкүрүнүшөбү?

Алтын Прага - адептүү журт

Прага. 21Sep2010
Өткөн 2010-жылы Чехияга 7 миллиондой конок келсе, алардын 60 проценти же 4 миллиондон ашыгы Прагада токтошкон.

Праганын өзүнүн калкы 1 миллион 300 миң. Дагы миңдеген адамдар шаардын ар тарабынан күнүгө жумушка келет.

Ага карабай, менин байкашымча, бир миң бир жүз жылдан узак тарыхы бар карт Прага - таза шаар.

Аянттарда, көчөлөрдө жана ар бир аялдамада сөзсүз таштандыларды салчу челектер турат.

Ошентсе да, көчөдө ыкыр-чикирди, тамекинин калдыктарын таштаган, итинин заңын артынан албаган адамдарды кезиктирбей койбойсуң.


А бу маселе жөнүндө Прагадагы айрым тааны-билиштеримди сөзгө тарттым.

12 жашар чех кыз Клара шаардын көчөлөрү таза эмес деп эсептейт:

- Мен буга көп деле көңүл бурбаймын. Адамдардын көчөгө кагаз, икир-чикир таштап, булгаганын көп деле көргөнүм жок. Сагыз таштаган же түкүрүнгөн адамдарды анда-санда көрүп калам. Шаардын ортолук бөлүгүндө ит жетелеген адамдардын итинин заңын албагандарын, чылым чегип, таштандысын көчөгө ыргыткан кээ бирөөлөрдү көргөнмүн. Праганын көчөлөрү булганч деп ойлом.

9 жаштагы америкалык Катерина-Александра Праганын Эски бөлүгүнө музыкалык мектепке барат.

Секелек кыздан курбуларыңар менен көчөдө баратып, кагаз-кугаз, балмуздактын кагаздарын көрүнгөн жерге таштаган
АКШ. Калифорния штаты. Калсбаддын гүлдөрү. 29-март 2010
учурларыңар болобу? деп сурадым эле, ал менин эмне сурап жатканымды шыр түшүнө бербеди окшойт.

- Жок, андай эмес, - деди Катерина-Александра. - Башка тааныш эмес адамдарды көргөнмүн. Бирок менин досторум эмес. Бейтааныш кишилердин кагаз же сагызды көчөгө таштаганын көргөм.


“Алтын Прагада” жашаган кыргызстандыктар эмне дешет экен деп, Прагада соңку он жыл бою ата-энеси менен жашап жаткан Адилет деген уланга кайрылдым:

- Адилет, сен окуган окуу жайда же көчөдө жүргөндө чех жаштарынын түкүрүнгөнүн көрдүңбү? Ыпыр-сыпырды көрүнгөн жерге ыргытышабы?

- Түкүргөн кандай? Кагаз ыргыткан кандай? Буякта дегеле түкүрүшпөйт го... Эч нерсе ыргытышпайт деле... Мындайды байкабадым, көрө да элекмин.


Кыргыз студенти Адилет Праганын тазалыгы тууралуу. 01.02.2011. AU.
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00
Түз линк


18 жаштагы Адилет Прагада атайын орто окуу жайда “компьютердик графика” боюнча адистикке окуйт.

Калифорнияда көчө булгасаң жазаланасың

Сурамжылоомду улантып, америкалык Женис Вудс айымга кайрылганымда, ал Прага өзү туулуп чоңойгон Калифорнияга караганда
Праганын ордосундагы дарбаза.
анчалык таза эмес экенин айтты:

- Мен Праганын көчөлөрү АКШнын шаарларынан булганчыраак деп ойлойм. Мен улуу кишилер менен балдардын суусундук ичип, бөтөлкөсүн же баштыгын, ар кандай акыр-чикирди көрүнгөн жерге ыргытканын Прагада көп көрдүм.

Кошмо Штаттарда, мисалы, мен чоңойгон Калифорнияда көчөгө ыпыр-сыпыр, чылым, сагыз таштаган, машинеде ылдам жүрүү уят эсептелет. Ата-энелер балдарын кичинесинен баштап, көчөнү булгаган жаман адат, айлана чөйрөнүн тазалыгы жөнүндө ар бир адам кам көрүшү керек деп үйрөтүшөт.

Эгер балдар мындай иштерди жасашса, ата-энеси же чоң кишилер аларды адептүү болгонго чакырышат. АКШда чоң адамдар өздөрүн жаштар алдында жакшы, үлгүлүү алып жүргөндү адат кылып алышкан деп ойлойм.

Ал эми Праганын туристтер эң көп жүргөн бөлүгүндө иштеген кыргыз айым Милена Акматова чехтер көчөдө таштандыларды туш-келди ыргытканын дээрлик эч көрбөптүр.

- Чехтердин көчөгө чылым, кагаз, таштандыларды ыргытканын байкабаптырмын. Туристтер да түкүрүнүшүп, таштандыларды ыргытышпайт. Тамекини өчүрүп салганга атайын челектер бар. Тамекинин калдыгын ошол “урнага” салган адамдарды көп көрөм.

Бир ирет көчөдө баратып, кызым кагаз таштап койсо, чех аял кызымды токтотуп алып, таштандыны кайра урнага салдырган.

Женис Вудс айымдын айтышынча, Калифорнияда жергиликтүү бийлик көчөлөрдү таза сактоого кылдат мамиле кылып, тартип бузгандарга катуу чара көрөт экен.

- Калифорнияда көчө булгаган адамды кокус полиция кармап алса, аны коомдук жайларды тазалаганга мажбурлап иштетет. Итиңдин артынан заңын тазалабай койсоң да ушундай чара көрүлөт.

Чылым жана башка таштандылар жөнүндө мен жакшы билбейм. Бирок чоң кишилер сен көчөнү булгасаң сен натуура иш кылып жатасың деп айтышат.

Адамдар бу жагынан өтө активдүү. Шаарынын тазалыгына көңүл кош эмес.


Мюнхен шаары - немис маданиятынын күзгүсүбү?

Прагалык Милена Акматова Чехиянын күнү-түнү турист аягы тынбаган борбору таза шаар деген ишенимде:

Кышкы Прага. 29-ноябрь 2010
- Прагада аябай эле таза го. Көчөлөрүндө анчалык деле икир-чыкыр жок. Эртең менен ар бир мекеме өзүнүн эшигинин алдын шыпырып тазалашат.

Тамекинин калдыктарынын баарын чогултуп, көчөнү аябай таза сакташат.

Ошентсе дагы америкалык Женис Вудс айым “Алтын Прагада” Германиянын 4 миллион калктуу Мюнхен шаарындай тазалык жок деп санайт.

Анын себебин ал немистердин өзгөчөлүгү, салты менен түшүндүрдү:

- Менимче, бул эзелтен калыптанган мадният. Немистер негизинен мыйзамды бекем сактайт, адамдар бири бирине астейдил мамиле жасайт. Көчөнү кызыл светофорго кесип өтпөйт. Эгер сен көчөнү кызыл светофордо өтчү болсоң, сөзсүз жактырбаган сөздөрдү айтышат. Чехтерде балким мындай маданият сакталбагандыр. Бул балким коммунисттердин таасиридир. Мыйзамга каршы баруу жаман нерсе, - деди Прагада 20 жылга чукул жашаган америкалык аял.


Адептүүлүк ата-эненин тарбиясынан

Ошентип, Кошмо Штаттардын 38 миллион калктуу Калифорния штатында улуулар балдарын коомдук жайларда өздөрүн жакшы алып жүргөнгө үйрөт экен. А чех ата-энелер балдарын сыртта жүргөндө өздөрүн адептүү кармаганга тарбиялайбы?

Бул суроого 12 жашар прагалык Клара мындай деди:

- Ата-энем бул жөнүндө эч нерсе айтышпайт. Мен көчөгө акыр-чикир таштабайм. Менин апам-атам да андай кылышпайт. Көчөгө “мусор” таштаган түшүнүксүз экен, - деди Клара.

Андан кийин мен Кларадан "мугалимдер окуучуларга "көчөнү булгабагыла" деп үйрөтөбү?" деп сурадым.

- Бизде мектеп окуучусунун экологиясы деген долбоор бар. Ал сабакта биз таштандыларды ылгайбыз. Ошон үчүн кээде мектептин айланасында таштандыларды чогултабыз, - деп түшүндүрдү чех кызы Клара.

Тогуз жаштагы америкалык Екатерина-Александрия көчөгө ыпыр-сыпыр, чылымдын калдыгын же момпосуйдун кагазын таштаса болбойбу, дегенимде:

- Жок. Себеби, эгер сен көчөнү булгасаң, сен ыргыткан зат чирийт. Жер бети булганса, жаман болот
”, - деп жөнөкөй жана глобалдык масштабда жооп берди.

А мен болсо 1 миллиондон анча көп калкы бар Праганы таза эле шаар деп ойлойм.

Ырас, чоң майрамдардын эртеси “Алтын Праганын” борбордук аянттарында жана көчөлөрдө ичимдиктердин бөтөлкөлөрү, фейерверктерди аткан ракеталардын таштандылары жана ар кандай акыр-чикир жайнап калат.

Бирок саат тогузга чейин көчөлөр шыпырылып, кечээки майрамдын изи таза жоголот.

XS
SM
MD
LG