Өткөн жылдын 25-26-декабрда террорчу деп шектелип кармалгандардын жакындары жана айрым укук коргоочулар бүгүн Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында тынч жыйынга чогулат. Алар бийлик өкүлдөрүнөн кармалгандардын укугун коргоону, Улуттук коопсуздук жана кызматташтык уюмунун иш-аракеттерин териштирүү үчүн атайын Байкоо кеңешин түзүүнү талап кылышмакчы. Акциянын уюштуруучуларынын билдиришинче, бул кармалгандардын 5-январда Бишкектен анча алыс эмес Арашан айылында террорчу деген шек менен жок кылынган адамдарга тиешеси жок.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев соңку террористтик иш-чараларга, Арашандагы окуяларга “Жайшул Махди” аттуу уюмдун мүчөлөрүнүн тиешеси бар деп билдирген. Бул окуялар боюнча жалпысынан 16 адам шектелип жатат, алардын 11и колго түшкөнүн, экөө Арашандагы атайын операциянын маалында өлтүрүлүп, 3 адамга издөө жарыяланганы кабарлаган. (ES)